koroo
Малдагы белги координатасын радио аркылуу түз койчунун телефонуна берет — уюк байланышсыз жана абоненттик төлөмсүз. Ээси мал башын, кыймылын жана жоготууларын телефон тармакка киргенде көрөт.
Эмне кыла алат
Картадагы үйүр
Мал азыр кайда жана кайда болгону — койчунун телефонунда, интернетсиз жана абоненттик төлөмсүз.
Тревогалар
Жайыттын чегинен чыгуу, түнкү күтүүсүз кыймыл, адаттан тыш жүрүм-турум. Сигналды үйүргө жакын турган адам алат.
Мал карточкасы
Түрү, жынысы, жашы, аты же номери, мамлекеттик базадагы номери, теги жана окуялар тарыхы.
Байланышсыз иштейт
Койчунун колдонмосу толук офлайн иштейт: райондун картасы, тревогалар жана окуяны белгилөө. Маалымат телефон тармакка киргенде булутка кетет.
Ээси үчүн эсеп
Бир нече үйүр жана койчу боюнча мал башы, кыймыл, чыгым жана жоготуулар, отчётторду жүктөп алуу менен.
Демейде кыргызча
Койчунун интерфейси кыргызча, орусчага бир баскыч менен өтөт. Кол кап менен колдонсо боло турган үч экран.
Ишке киргизүүгө эмне кирет
- Мал башыңызга ылайык белгилерди жана кабыл алгычты тандоо
- Жайыт чектерин жана тревога эрежелерин жөндөө
- Койчуну нускама менен эмес, ордунда үйрөтүү
- Бир койчулукта пилот, андан соң бүт чарба
Абалы
Иштелип жатат
Продукт иштелип жатат. Рынок, архитектура жана экономика эсептелди, биринчи версия чогултулууда жана чыныгы койчулукта пилот даярдалууда. Бүгүн сатып ала турган даяр система азырынча жок — муну ачык айтабыз.
Пилотту талкуулооМаселеңиз жөнүндө айтып бериңиз
Процесстерди талдайбыз, эмнени автоматташтырууга болорун көрсөтөбүз жана мөөнөттү баалайбыз. Милдеттенмесиз.